БИЙ МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:10, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙ МУЗЫКАСЫ – элдик оюн-зоок кечелерде бийлерди коштоочу ар кандай жанрдагы музы­ка. Бий музыкасы бийдин түрүнө, жүрүшүнө карата ыр­гакка негизделет. Ал көбүнчө аспаптык ансам­блдин же бир аспаптын (барабан, дап жана башкалар) кош­тоосу менен аткарылат. Бий музыкасы – дүйнөнүн көп эл­деринин музыкасындагы салттуу жанр. Бий өнөрү анча өнүкпөгөн элдерде (мисалы, казак, кыр­гыз жана башкалар) бий музыкасы пайда болуп, өз алдынча жанр катары өнүгүүдө.