БОГОСЛОВСКИЙ Никита Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page БОГОСЛОВСКИЙ to БОГОСЛОВСКИЙ Никита Владимирович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГОСЛО́ВСКИЙ Никита Владимирович [9(22). 5.1913, Санкт-Петербург – 4. 4. 2004, Москва] – орус композитору, СССР эл артисти (1983). А. К. Глазуновдун, Г. Н. Поповдун, П. Б. Рязановдун окуучусу. Кинематографисттер союзунун композиторлор комиссиясынын төрагасы (1971–1991).1965-жылы вице-президенти, 1978-жылы СССР–Франция (1991-жылдан Россия–Франция) коомунун президенти. Ыр жанрынын чебери, 300дөн ашык ырлары бар, анын ичинен «Чоӊ өмүр» (1939), «Истребителдер» (1940), «Эки жоокер» (1943) жана башкалар кино тасмаларга да жазылган. Жазуучу катары «Глинканын керээзи», «Айлакер романы» (1993), «Кызык, кайгылуу жана күлкүлүү» (2003) жана башка сатиралык чыгармалардын автору.

Богословский Н. В.
Богословский Н. В.