ЖЫЛКЫ
ЖЫЛКЫ – жылкы сымалдар тукумундагы сыңар туяктуу жаныбарлар уруусу. Сымбаттуу, ири (дене узундугу 2,5 м, ыйык жалынан бийиктиги 1,6 м) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жалы, куйругу узун. Азуулары төрт чарчы жалпак келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия ж-а Африкада кездешип, талаа, чөл ж-а жарым чөлдүү жерлерде үйүрү м-н жашаган. Жылкынын 7 түрү, 4 уруучасы – кадимки жылкы (Пржевальский жылкысы, тарпан, бакма жылкы), эшек, кулан, зебра белгилүү. Тарпандын тукум курут болгон. Бакма жылкы бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт ж. б. алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Жылкыны колго үйрөтүү биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта башталган. Жылкынын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50) породасы бар. Алар тиби, сымбаты, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги боюнча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт: мисалы, оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон), минги (будённый, терек, тракенен) ж. б. жылкы породалары. Азыркы жылкы породаларынын ыйык жалынан бийикт. 50–185 см, салмагы 60–1500 кг. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн, жылкыны үйрөтүү ж-а көнүктүрүү оңой. Жылкы жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ 11 ай көтөрүп, жалкы кулун тууйт. Кулунун 5–6 ай эмизип, күнүгө 11–15 л сүт берет. Жылкы 25–30 жыл жашайт; этинде 18–20% белок, 6–8% май болот, к. Жылкы породалары.
Ад.: Справочник по коневодству. М., 1983; Кыргыз жылкысынын жаңы тукумун жакшыртуунун жолдору. Ф., 1984.
С. Д. Өмүрзаков.