ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 17 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР – 1) ө с ү м д ү к т ү н – жыгачтын камбийинин бир вегетация мезги­линдеги аракетинен пайда болгон катмары. Жыгачтын жазында пайда болгон элементтери күзүндө пайда болгондоруна караганда ири ж-а жука кабыктуу болгондуктан, жыгачтагы ар жылы пайда болгон катмарды оңой эле ажы­ратууга болот. Жылдык катмарды экинчи флоэ­мадан, экинчи жабуучу ткандан, дарактын араа­ланган сөңгөгүнөн көрүүгө болот. 2) Ж а н ы­б а р д ы н ж ы л д ы к ш а к е к т е р и – организмдин катуу струк­турасында мезгилдүү (кээде жылыга) пайда бо­луучу ж-а узакка сакталуучу түзүлүш. Мезгил­дик ткандын өсүүсүнүн өзгөрүшүнөн пайда бо­лот. Жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулар­дын жалпак сөөктөрүн, кабырчыгын, тырмагын, раковинасын күнгө салып караганда көрүнөт. Жылдык шакектер жаныбарлардын жашын көрсөтөт.