ГЕРУСИЯ
ГЕРУ́СИ́Я (гр. gtron – карыя, аксакал) – Байыркы Грекиянын шаар-мамлекеттериндеги көбүнчө ак сөөктөрдөн турган аксакалдар кеӊеши. Кеӊеш элдик чогулушта карала турган мамл. маанилүү иштерди талкуулаган. Г-нын мүчөлөрү г е р о н и т деп аталып, өкмөттүк жогорку органды түзүп, олигархиялык түзүлүшкө таяныч болгон.