ЖЕТИГЕН (Токтогул районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 17 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖЕТИГЕН to ЖЕТИГЕН (Токтогул районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Үч-Терек айыл округуна ка­раштуу. Тартуулук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 75 км түштүк-чыгыш та­рапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 170 км. Кал­кы 2673 (2022); негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а баштал­гыч мектеп, амбулатория, китепкана, клуб, поч­та бөлүмдөрү бар. Тегирмендер (үчөө суу, үчөө электр м-н) иштейт.