ГЕРЦЕН Теодор Теодорович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́РЦЕН Теодор Теодорович (15.3.1935, азыркы Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Ак-Дөбө айылы – 29.6.2003, Германия, Хюрт ш.) – сүрөтчү-монументалист, график, живописчи, КРдин эл сүрөтчүсү (1993). Токтогул мамл. сыйл. лауреаты. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы Строганов атн. Жогорку көркөм өнөр окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1965-жылдан респ-лык, бүткүл союздук ж-а эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуу-чусу. 1970-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз сүрөт фонду-нун председатели. Г. монументтик-декоративдик иск-водо, станоктук ж-а

китеп графикасында эмгектенген. Г-дин монументтик эмгектерине Кемин р-нундагы мурунку Ильич атн. колхоздун клубунун фойесиндеги «Эс алуу» (1967), Ош драма театрындагы мозаика ж-а витраждар (1974), ВЛКСМ атн. кийим тигүү ф-касынын бет маӊдайындагы мозаика (1984) кирет. Графиканын линогравюра, рисунок, пастель ж-а акварель техникаларында иштеп,

Т. Герцен. «Манас» эпосуна иллюстрация.

«Мөл булак» (1966), «Соӊ-Көлдө» (1976), «Уктаарда» (1978), «Менин өнөрканам» (1980) сыяктуу көп серияларды ж-а циклдерди жараткан. Г. «Манас» эпосунун 3 томун (С. Орозбаковдун варианты б-ча) ж-а «Нибелунгдардын шакеги» аттуу немец эпосун көркөмдөгөн. Г-дин эмгектери Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинде, КМШ өлкөлөрүнүн ж-а Германиянын музейлеринде, өздүк коллекцияларда сакталууда. Медалдар м-н сыйланган.