ЖЕТИГЕН (Аксы районундагы кыштак)
ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кербен айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 2 км түндүк-батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 80 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2052 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Медпункт бар.