ЖЕТИКАШКАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 17 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИКАШКАЕВА Нуркамал (1918, Чүй облусу, Сокулук району, Жыламыш айылы – 9. 9. 1952, Фрунзе) – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан туңгуч профессионал акын. Жумушчулар факультетин (1933), Москвадагы А. В. Лу­начарский атындагы театр институтун (1936–1941) бүтүргөн. Кыргыз драма театрында артист, СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер, республикалык эл чыгармачылык үйүнүн директору болуп иштеген. Ырлары 1937-жылдан жа­рыялана баштаган. «Жан­ган жалын» (1949) деген поэ­манын, «Жаңырган өлкө» (1951) ыр жыйнагы­нын автору.

Анын чыгармачылыгынын негизги тема­сы – эл-жерин сүйүү, дыйкандардын, кыргыз ин­теллигенттеринин турмушу. Улуу Ата Мекен­дик согуш убагында патриоттук маанайдагы ыр­ларды жазган. Жетикашкаеванын балдарга арналган да ыр­лары бар. Анын «Мен Октябрдын кызымын» ыр жыйнагы (1958) орус тилине которулган. Жетикашкаева 1946-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме­кендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Жетикашкаеванын туулуп өскөн айлында үй-музейи иштейт.