ЖЕТИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 17 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ – ата-энесинин бири же экөө тең каза болгон бала. Атасы да, энеси да каза болгонду тоголок жетим дейт. Энесиз калган баланын аба­лы абдан оор болору элде «Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим» деген макал менен билдирилген. Ата-энесинин бирөө же экөө тең ар кандай себептер менен бир жакка кетип, ка­роосуз калган баланы тирүүлөй жетим дешкен.