ЖЕХАЙ
ЖЕХАЙ (Жэхай, кытайча жэ – ысык, хай – деңиз) – тарыхый топоним, Кыргызстандагы Ысык- Көлдүн кытайча аталышы. 8-кылымдагы кытай маалыматында мындай жазылган: «Жери суук, бирок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык деңиз деп аташат». Байыркы ж-а орто кылымдарда Ысык-Көлдү кытай адабиятында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж. б., 18– 20-кылымдарда Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп келишкен. Ысык-Көлдөн башка дагы бир нече көлдү Жехай деп аташат, к. Ысык-Көл.
Ад.: Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры. Ф., 1977; Кыргыз жергеси. Ф., 1990.