ЖЫЛДЫЗДАР
ЖЫЛДЫЗДАР – табияты б-ча Күнгө окшош, ысык газдан турган жарык чыгаруучу асман нерселери. Алар Ааламдагы негизги объект, көрүнгөн асман телолорунун 90%ин түзөт. Жылдыздар бизден өтө алыс турат, бизге эң жакын жылдыз – Күн. Эгерде Жылдызга чейинки аралык жүздөгөн парсек болсо, анда алардын параллакстык жылышуулары байкалбайт ж-а аралык жылдыз спектрлерин талдоо м-н аныкталат. Күн системасына эң жакын жылдыз – Центавр Проксимасы, ал бизден 1,3 пс аралыкта турат. Жылдыз массасы, өлчөмү, тыгыздыгы, жарык чыгаруусу ж-а химиялык курамы боюнча айырмаланат. Жылдыздын массасын аныктоо үчүн, алардын кыймылы изилденет. Жалпы масса борборунун айланасында кыймылдап, алар өз ара тартылышат ж-а алардын массасы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде аныкталат. Жылдыз массасы көбүнчө күн массасы (2 ·1030 кг) м-н туюнтулат. Дээрлик бардык жылдыздардын массасы 0,1–100 күн массасына барабар. Жылдыздардын өлчөмү оптикалык интерферометрдин жардамы же теориялык эсептөө жолу м-н аныкталат. Бизге көрүнгөн жылдыздардын көбүнүн өлчөмү жүз миңдеген же миллиондогон кмди түзөт, мисалы, Күн диаметри 1 392 000 км. Бирок диаметри 10–20 км болгон эң кичинекей (ак кидиктер) ж-а кенедей (нейтрондук) жылдыздар да болот. Күндөн көп эсе чоң жылдыздар – алп жылдыздар (Бетельгейзе, Арктур, Антарес) ж-а сейрек кезигүүчү кызыл алптар да бар. Эгер булар Күндүн ордунда болсо, анда Марс м-н Юпитердин орбиталары да ичинде калмак. Жылдыздардын массасына караганда өлчөмү боюнча айырмачылык өтө чоң болгондуктан, кичине жылдыздардын тыгыздыгы чоңдукунан көп. Күндүн орточо тыгыздыгы суунукунан 1,4 эсе чоң, ал эми Сириус В жылдызынын 1 см3нун массасы 50 кгдан чоң, ак кидиктер андан тыгыз. Бирок нейтрондук Жылдыздардын тыгыздыгы өтө чоң, башкача айтканда 1014 г/см3. Жылдыздар өлчөмүнөн да жарыктанышы боюнча көп айырмаланат. Күндүн жарыктанышы (3,8Ч1026 Вт) м-н туюнтулат. Көпчүлүк жылдыздардын жарыктанышы Күндүн жарыктанышынын 0,001–106 бөлүгүн түзөт. Жылдыздардын химиялык курамы алардын спектрлери аркылуу аныкталат. Жылдыздар Жердеги эле элементтерден турары белгилүү. Дээрлик бардык жылдыздардын массасынын 98%ин суутек м-н гелий түзөт, мындагы суутектин массасы гелийдикинен 2,7 эсе чоң. Жылдыздар физикалык касиеттери боюнча үч топко бөлүнөт: нормалдуу, ак кидиктер ж-а нейтрондук жылдыздар. Нормалдуу жылдыздарга куралсыз көз же телескоп м-н байкалган жылдыздар кирет. Алар идеалдык газдардан турат. Тыгыздыгы өтө чоң жылдыздар идеалдык газ законуна баш ийбейт ж-а ал бузулган газ деп аталат. Ушундай газдан ак кидиктер ж-а кээ бир алп жылдыздардын ядросу куралат. 20-к-дын ортосунан баштап жылдыздарды изилдөө үчүн спектроскоп м-н фотографиялык ыкма колдонулган, 20-к-дын 20-жылдарынан баштап атом физикасынын ыкмасы, андан кийин ЭЭМди колдонуу жылдыздар жүнөндүгү илимди түп-тамырынан бери өзгөрттү. Азыркы учурда кош жылдыздар, өзгөрмө жылдыздар, жаңы жылдыздар, өтө жаңы жылдыздар, пульсарлар, кара көңдөй, жылдыз ассоциациялары жөнүндөгү түшүнүктөр өнүгүүдө. Жылдыздарды үйрөнүүдө математика, механика, асман механикасы, физика, химия ж. б. илимдердин ыкмалары колдонулат.