ИБСЕН Генрих

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ИБСЕН to ИБСЕН Генрих) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́БСЕН Генрик (20. 3. 1828, Норвегия, Шиен – 23. 5. 1906, Кристиания) – норвег драматургу. Чыгармачылыгын 1844-жылы ыр жазуудан баштаган. Ал­гачкы драмасы – «Катилина» (1950). Берген шаарында туңгуч элдик театр­ды (1852–57), Кристиания­дагы норвег театрын (1857–1862) жетектеген. Анын ошол кездеги жазган жана сахнага коюлган пьесаларынын ичинен «Эстроттон чыккан Фру Ингер» (1855–1857) тары­хый драмасы менен «Суль­хаугедеги той» (1856) драма­сы өзгөчө мааниге ээ.

1864–1891-жылдары Италияда, Германияда жашап, буржуазиялык тур­мушту ашкерелеген пьесаларды жазган: «Сүйүү комедиясы» (1862), «Так талашуу» (1864), «Бранд» (1866), «Пер Гюнт» (1867). «Чөйрөнүн төбөл­дөрү» (1877), «Куурчак үй» (1879), «Арбактар» (1881), «Эл душманы» (1882), «Жапайы өрдөк» (1884), «Гедда Габлер» (1890), «Сольнес куруу­чу» (1892) жана башкалар. Ибсендин драматургиясы – XIX к­ылымдын 70–80-жылдарындагы Батыш Европа адабияты­нын туу чокуларынын бири. Анын чыгармачылыгы дүйнөлүк драматургияга жана театрга зор таасир тийгизген.


Ад.: Судья и строитель. Писатели России и Запада о Г. Ибсене. М., 2004.