ИМАНКУЛОВ Жүкүн
ИМАНКУЛОВ Жүкүн (8. 3. 1930-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы) – искусство таануучу, режиссёр, искусство доктору (1993). Ташкент театр-көркөм өнөр институтунун театр изилдөө факультетин (1955), Москвадагы Искусство тарыхы институтунун аспирантурасын (1958) бүткөн. «СССР эл артисти Муратбек Рыскуловдун чыгармачылыгы» деген темада кандидаттык, Ленинград театр, музыка жана кинематография институтунда «Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы жана сахна» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Респ. эл чыгармачылыгы үйүнүн директору (1955), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия институтунун тарых жана укук бөлүмүндө илимий кызматкер (1956–1958), Ысык-Көл драма театрынын (1962), Нарын музыкалык-драма театрынын (1963) башкы режиссёру, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда улук окутуучу, кафедра башчысы (1965–1971), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент (1971–1991), Бишкек гуманитардык университетинде профессор (1997–1998) болгон. Иманкулов кыргыз театры үчүн В. Шекспирдин «Ричард III», М. Ауэзовдун «Кара көз», «Абай», «Энлик-Кебек», «Түнкү жаңырык», «Байбиче-Токол» жана башка чыгармаларды которгон. Иманкулов 150дөн ашуун илимий-теориялык макалалардын, рецензиялардын автору.
Эмг.: Наш Муратбек. Ф., 1970; Искусство театра: произведения Чингиза Айтматова на сценах театров республик Средней Азии и Казахстана. Ф., 1985;
Ч. Айтматов и театр. Б., 2003.