ИРСАЛИЕВ Арстанбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ИРСАЛИЕВ to ИРСАЛИЕВ Арстанбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРСАЛИЕВ Арстанбек (26. 2. 1950-жылы туулган‚ Чүй облусу‚ Аламүдүн району‚ Бер-Булак айылы – 5. 10. 2019. Америка) – бийчи, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1979). Ленинграддагы А. Я. Вага­нова атындагы хореографиялык окуу жайын бүткөндөн (1969)

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет теат­рынын солисти болуп иштеген. Аткарган ролдору: Куйручук (К. Мол­добасанов‚ Т. Окунев‚ «Куй­ручук»)‚ Касым (К. Молдо­басанов‚ «Cаманчы жолу»)‚ Cпартак (А. Хачатурян‚ «Cпартак»)‚ Чолпонбай (Ч.Нурымов‚ «Өлбөстүк»)‚ Базил (Л. Минкус‚ «Дон Кихот»)‚ Альберт (А. Адан‚ «Жизель») жана башкалар. Режиссёрлору М. Рошалдын «Космонавттар көчөсү»‚ Б. Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана башка көркөм тасмаларга тартылган. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

А. Ирсалиев. Л. Мин­кустун « Дон Кихот» балетинде Ба­зилдин ролунда. 1973.