ИШЕНОВ Сагынбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ИШЕНОВ to ИШЕНОВ Сагынбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕНОВ Сагынбек (5. 4. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Бурана кыштагы – 27. 6. 2024, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы) – кино сүрөтчү, кино­режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1961-жылы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. СССР кинематографисттер союзу­нун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү.


«Кыргызфильм» киносту­диясында тартылган «Ба­кайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1971), «Ташка бат­кан элестер» (1974), «Сыпай­чы» (1976) көркөм тасмаларынын сүрөтчү-коюучусу. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көр­гөзмөлөргө катышкан. 1967-жылы Орто Азия респ­убликаларынын жана Казакстандын фильмдеринин кароосунда «Бакайдын жайыты» тасмасы үчүн Ишенов «Чоң тоо хрусталы» аттуу 1-байге, Франк­фурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ар­дак диплом, Италиянын Триест шаарында «Алтын альп бутагы» (1969) менен сыйланган. 1970-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында Ишенов жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч «Сандар­дын чатагы» анимациялык фильмин чыгар­ган.

Ишенов С. «Падыша жана сүрөтчү». 1982.

Ишеновдун станоктук живопистеги: «Чоң сал­гылашуудан кийин» (1968), «Эркин-Тоо» (1969), «Алыскы айылга шам» (1971), «Узак жол» (1975), «Жаңы турмуш үчүн» (1977) жана башка эмгек­теринде революциялык-жарандык тематика курч берилген. «Кызыл өгүз, көк соко» аттуу сүрөтү Третьяков галереясында, ошондой эле живопистик чы­гармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көр­көм сүрөт искусство музейинин фондунда сакта­лууда.