ЖУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 17 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУТ (Corchorus) – жөкө дарактар тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Анын 40ка жакын түрү бар. Азия, Африка, Америка, Австралиянын тропик аймактарында өсөт. Була алуу үчүн тоголок ж-а сүйрү мөмөлүү эки түрү өстүрүлөт. Өсүмдүк­түн бийикт. 3,5 мге чейин жетет. Кезектешип жайгаш­кан сүйрү жалбырагынын кыры тиш сымал. Гүлү майда, сары, эки жыныстуу. Мөмөсү – чанак. Уругу майда, түсү күрөң, боз же жашыл. Жарык, жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жуттун буласы техникалык, таңгактоочу ж. б. кездеме­лерди, килем жасоодо кеңири колдонулат. Кур-

Узун мөмөлүү жут.

гак сабагынан 20–25% була чыгат. Мекени – Ин­дия. Жуттун жалбырагы тамак-ашка пайдаланы­лат. Орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 15,7 ц. Жутту дүйнө боюнча Индия, Пакис­тан ж-а Бангладеш арбын өстүрөт. КМШ өлкөлөрүнөн Орто Азияда бир аз аянтта сүйрү мөмөлүү Жуттун сорт­тору өстүрүлөт. Ар бир га­дан орточо 95–100 ц кургак сабак алынат. Буласын алуу үчүн өсүмдүктөрдүн 50%инде биринчи кутуча пайда болгондо жыйна­лат. Бооланган сабактар кургатылып, иштетүү үчүн була заводуна жөнөтүлөт.