ЖЫЙНАЛБАС КАТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 17 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЙНАЛБАС КАТАР – айрым суммаларынын удаалаштыгы чектүү пределге ээ болбогон ка­тар. Мис., 1 + 1 +1 + 1 + 1 + ...,1 – 1 + 1 – 1 + 1 – ..., 1 – 2 + 3 – 4 + 5 – ..., 1 + х, + х2 + х3 + х4 + ... (|х > 1) катарлары жыйналбайт. Эгер катардын жал­пы мүчөсү нөлгө умтулбаса, жалпы мүчөсү нөлгө умтулган гармониялык катар да жыйналбас к-ңатарга ми­сал болот: 1 + 1/2 + ... + 1/n + ... Ж. к. 17–18- к-да пайда болуп, Л. Эйлер биринчи жолу жыйналбапс катардын суммасын аныктаган. Жыйналбас катар 19-к-дын аягынан баштап математикалык анализдин өнүгүшү м-н изилдене баштаган.