КАЗАКОВ Түгөлбай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КАЗАКОВ to КАЗАКОВ Түгөлбай) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКОВ Түгөлбай (2. 1. 1951-жылы туулган, Талас району, Көпүрө-Базар айылы) – обончу, аткаруучу, ком­позитор, акын. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү

(2007). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйү­нүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973–1976), Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра баш­чы (1976–1979), Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитети­нин редактору, башкы ре­дактору (1979–1992), 1990-жылы Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадиокорпорациясынын төра­гасы (1992–1993), Кыргыз Республикасынын маданият министринин би­ринчи орун басары (1993–1996), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005–2007), Улуттук телерадио компаниясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007–2009), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу ка­тары да таанымал. 70тен ашык обондун авто­ру. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» жана башка ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Те­рек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмалар­га, 30га жакын даректүү тасмаларга, спектакл­дерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ыр­лар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын авто­ру. Жаш кинематографисттердин республикалык кон­курстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь шаары), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв шаары) лауреаты. Сомалиде (1977), Шве­цияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүнүн катышуучусу. Казаковдун «Жамгыр» жана башка ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кы­тай, Казакстан ырчыларынын репертуарлары­нан орун алган.