КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КАЗАКОВ 2 to КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКО́В Вячеслав Фёдорович (23. 2. 1913, Киев –19. 10. 1979, Фрунзе) – дра­ма артисти. Кыргыз ССР эл артисти (1950). 1931–1935-жылдары ГИТИСтин драма факультетинде окуган. 1935-жылдан Мос­ква театрларында иштеген. 1956-жылы Фрунзеге (азыркы Бишкек) келип, Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрын (азыркы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма теат­ры) уюштурууга активдүү катышкан.

«Кремль куранттары» спектаклинен көрүнүш. В.И. Лениндин ролунда – В. Казаков.

1946-жылы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келген­ден ушул театрда үзүрлүү эмгектенген. В. И. Ле­ниндин («Унутулгус 19-», 1952; «Үй-бүлө», 1950; «Кремль куранттары», 1957; «Мылтыкчан ки­ши», 1970), А. С. Пушкиндин («Пушкин», 1949), Фёдор Иоановичтин («Падыша Фёдор Иоано­вич», 1946), Саринжинин (К. Эшмамбетов, «Са­ринжи», 1939), Ромеонун, Гамлеттин (В. Шекс­пир, «Ромео менен Жульетта», «Гамлет», 1948, 1957) жана башкалардын образын түзгөн. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин (7–8-шайланышынын) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медал­дар менен сыйланган.