КАЙЫПОВ Жолдубай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КАЙЫПОВ 2 to КАЙЫПОВ Жолдубай) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫПОВ Жолдубай (11. 8. 1946, Нарын облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы – 30. 3. 1984, ошол эле жер) – обончу, аткаруучу, диктор. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1981). Б. Бей­шеналиева атындагы искусство институтун бүткөн (1974). А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет т еатрында солист (1965–1973) , Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жо­горку категориядагы дик­тор (1974–1984). Орто Азия республи­калар аралык «Эң мыкты диктор» конкурсунун же­ңүүчүсү.

70тей обондун ав­тору. Анын «Мекеним», «Атам менен энеме», «Көл үстүндө», «Айтылбай кал­ган махабат», «Жашчылык», «Алгач сүйүү», «Ала-Тоону сагынам», «Кел бийлейли, ырдайлы» жана башка ырлары белгилүү. «Ырлар» аттуу ыр-обон­дор жыйнагы жарыкка чыккан (1984). Жаңы- Күч айылынын мектебине ысмы (1991) берилген.