ЖИГУЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 17 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИГУЛИ , Ж е г у л и – Волга дарыясынын оң жээ­гиндеги тоо. Самара Жебеси деп аталган имери­лиште. Волга бою дөңсөөсүнүн бир бөлүгү. Узундугу 75 кмдей, бийиктиги 375 мге чейин. Волгага кара­ган капталы тик, жардуу, коо-колоттор көп. Негизинен палеозой ж-а мезозойдун акиташ, доломит тектеринен турат. Түндүк капталында жазы жалбырактуу ж-а мырза карагай токою, түштүгүндө токойлуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Нефть кени бар. Жигулиге жакын Волга ГЭСи ку­рулган. Туризм өнүккөн.