ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 17 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЙНАЛГЫЧТЫКматематикалык анализ­дин негизги түшүнүктөрүнүн бири; чексиз көбөйтүндүлөрдүн (өздүк эмес интеграл, удаа­лаштык, катар) жыйналуу касиети. Каалаган­дай ε >0 саны үчүн N (ε) бүтүн оң саны табы­лып, n > N(ε) болгондо ⏐an– l⏐< (ε) барабарсыз­дыгы орун алса, анда {a} сан удаалаштыгы l санына жыйналат. Мында l саны {a} удаалаш­тыгынын предели ( lim an=1) деп аталат. Удаалаштык чектүү санга умтулса, жыйналгыч, тескерисинчеси – жыйналбас удаалаштык деп аталат. Сан удаалаштыктыгын жыйналгычтыгын көрсө­түүчү теорема (критерий) бар: а) чектелген мо­нотондуу өсүүчү (же кемүүчү) сан удаалаштыгы­нан жыйналат. Удаалаштык маанисинин жо­горку (же төмөнкү) чегиндеги сан анын предели болуп эсептелет; б) тандалып алынган e >0 оң, саны үчүн N = N (ε) саны табылып, n > N, m > N болгондо ⏐am − an < ε (m > n) барабарсыз- an} удаалаштыгы жыйналат. Бул Коши критерийи деп аталып, удаалаштык жыйналгачтыгын текшерүүдө колдонулат. Чексиз көбөйтүн­дүлөрдүн жыйналгычтыгы логарифмдер аркылуу катардын жыйналгачтыгына келтирилет. Катардын жыйналгычтык белгилери изилденген. Эгер катардын айрым суммасынын удаалыштыгы жыйналса, анда катар жыйна­лат. Байыркы математиктер (Евклид, Архимед) «Жыйналгычтык». түшүнүгүн аянт ж-а көлөмдү табууда пай­даланышкан. 1668-ж. шотланд математиги Ж. Грегори «Жыйналгычтык» терминин катарга колдонуу м-н киргизген. 17-к-дын математиктери Жыйналгычтыкты катарга колдонушкан. 18-к-да Жыйналгычтык математикалык ана­лизде (Л. Эйлер) колдонулган. Катар Жжыйналгычтыгын изилдөөнүн так ыкмасын 19-к-да О. Коши, Н. Абель, чех математиги Б. Больцано, немис математиги К. Вейерштрасс ж. б. иштеп чыккан.


Чыг.: Люстерник Л. А., Соболев В. И. Элементы функционального анализа. М., 1967; Усубакунов Р. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр. Ф., 1969.