ЖИЙДЕ (Сузак районунда­гы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 17 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖИЙДЕ 1 to ЖИЙДЕ (Сузак районунда­гы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ – Жалал-Абад облусунун Сузак районунда­гы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун оң жээ­гинде, деңиз деңгээлинен 710 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 20 км. Кыштак 1888-жылы негизделген. Калкы 4450 (2022); негизинен жүзүмчүлүктө ж-а шалы өс­түрүүдө эмгектенет. Эки орто мектеп, китепка­на, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Суусу мол болгондуктан, илгертеден шалынын мекени.