ВАРРАНТ
ВАРР́АНТ (англ. warrant – ыйгарым укук‚ ишеним кат) – товардын ээсине аны кампага өткөрүп жатканда берилүүчү күбөлүк. В. адатта эки бөлүктөн турат: кампа күбөлүгү ж-а В-тын өзү. Ал баалуу кагаздын бир түрү‚ анткени товардын ээси В-ты сатып алуучуга индоссамент б-ча берүү м-н аны сатууга же күрөөгө коюуга укуктуу.