ЖЫЛАН УУСУ
ЖЫЛАН УУСУ – айрым жыландардын шилекей бездеринен бөлүнүп чыккан зат. Жаңы кезинде түссүз, саргыч же жашыл коюу суюктук; курамында альбумин, глобулин, ферменттер, суу, туз ж. б. болот. Кургатылган түрдө 23 жылга чейин сакталат. Түрдүү жыландардын ууларынын касиети ар башка: мис., кара чаар жылан уусунда кан тамырдын жарылуусуна себеп болуучу геморрагин, чекир жыландын ууусунда нерв системасынын ишин начарлатуучу нейротоксин заты бар. Ошондуктан ар кандай жыландын чакканын организм түрдүүчө көтөрөт. Мисалы, кара чаар жылан чаккан жер ооруп, шишийт, териде ыйлаакча ж-а геморрагия пайда болот; чекир жылан чакканда, адам, мал демигип, кээде кусат, дем алуу борбору иштебей калып, өлүмгө дуушар кылат. Чекир жылан, калкан тумшук ж-а чырылдак жылан уусу канды уютпас, кара чаар жыландыкы уютма касиетке ээ. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уулуу жыландын 14 түрү белгилүү. Жыланга чактырбоо үчүн саякатка чыгууда,айыл чарба . жумуштарын аткарууда кончу узун өтүк кийип, өтө этият болуу зарыл. Жылан чакканда, биринчи жардам – кишини кыймылдатпай жаткызып, шакшак коюу, суусундуктарды (чай, суу) көп ичирүү, жылан уусуна каршы сыворотка ж. б. каражаттарды колдонуу. жылан уусунан ооруган жерди басаңдатуучу, түрдүү сезгенүүгө каршы таасир берүүчү, невралгия ж-а муун ооруларын ж. б. кеселдерди айыктыруучу дарылар жасалат.