ЖИЙДЕЛИ-САЙ АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕЛИ-САЙ АКИТАШ КЕНИ Баткен облусу­нун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасы­нан 1,7 км түштүктө, Жийдели-Сай суусунун оң капталында, деңиз деңгээлинен 1160–1245 м бийикте жайгашкан. 1987-жылы геологиялык чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Акиташ теги таш көмүр мезгилинде пай­да болгон. Химиялык курамы боюнча акиташтан I ж-а II сорттогу курулуш акисин алууга болот. Кен казып алынууда. Бекитилген запасы А+В+С1 категориясы б-ча 940 миң т.