ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ – жылдыз аралык газ м-н чаңдын биригүүсү. Спиралдык галак­тиканын спираль түрүндөгү бутагында газдын 80–90%и жылдыз аралык булутта жыйналган. Алар биригип, газ-чаң комплекстерин түзөт ж-а спиралдык бу­тактын ички (иймек) жагында жайгашат. Жылдыз аралык булуттардын параметрлери ар түрдүү. Биздин Га­лактикада алардын диаметри 5–40 пс, темп­расы – 20–100 КЖылдыз аралык булуттар . Галактика дискинин 10% көлөмүн ээлейт ж-а жылдыздар м-н бирге Галактика дискинде анын борборунун тегерегин­де айланага жакын жолдор боюна 100–200 км/сек ылдамдык м-н кыймылдайт. Айрым булуттун өздүк (пекулярдык) кыймылынын ылдамдыгы 10 км/сек, кээде 50–100 км/секга жетет. Га­лактиканын таажысында анын тегиздигине 200 км/секга чейинки ылдамдык м-н түшүп жат­кан газдар байкалган, ал газдын кайдан келип чыкканы белгисиз. Жылдыз аралык булуттар арасындагы атомдордун концентрациясы бир см3да 0,02–0,2 атом, температурасы – 7–10 миң К.