ЖИЙДЕЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕЛИК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Суу шаарынан 18 км түштүк тарап­та. Кара-Суу темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1940-жылы негизделген. Калкы 5991 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана клуб, мончо, ФАП бар.