ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИ́НА – кездеме токууда эриш жана аркак жиптерди түрүүчү механизм. Эриш жиптер жарыш жана кайчылаш түрүлөт. Мындай түрүлгөн жиптер ташууга, кайра тү­рүүгө, боёого ыңгайлуу. Жип түрүүчү машина жипти конус, цилиндр жана башка формада түрөт. Жип түрүү үчүн көбүнчө М-150 машинасы колдонулат. Жип түрүүчү машина жип оролуучу, жипти жаткыруучу, көзөмөлдөп, ­тазалоочу жана тартуучу жабдуулардан турат. Түрүлгөн жиптер токууга жөнөтүлөт.