ЖИРАФТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИРАФТАР (Giraffdae) – кепшөөчү сүт эмүү­чүлөрдүн ача туяктуулар түркүмүнүн тукуму. 2 уруусунун бирден түрү (кадимки жираф ж-а

окапи) бар. К а­д и м к и жираф – зор жаныбар. Тулку кыска, башы анча чоң эмес, моюну ж-а алдыңкы буту у з у н. Салмагы 550–750 кг, жону­на чейин бийиктиги 3,7 м , төбөсүнө чейин бийиктиги 5– 6 м, денеси көбүн­чө ачык ж-а сары түстө, түрдүү фор­мадагы кара-кү­рөң тактар м-н капталган. Афри­канын сейрек өскөн бадалдуу токойлорунда, ачык талааларында жашайт. Көпчүлүк жерде эти ж-а териси үчүн кырып жок кылынган. Жираф түрдүү акациянын бутак ж-а жалбырактарын жейт. Ургаачысы 14 ай көтөрүп, бирди тууйт. Эти тамак-аш, териси кооз буюм жасоо үчүн пай­даланылат. Жираф паркта, атайын корукта ба­гылат.