ЖЫЛДЫЗЧА ТАРМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗЧА ТАРМАК – борбордук компьютер м-н байланышкан бир же андан көп терминал же кичине компьютер. Ал жылдызча түрүндө ту­таштырылат. Жылдызча түзүлмөлүү тармакта борбордук компьютер м-н тармак компьютери эки чекиттүү зым кермелер м-н байланышат. Жыл­дызча түзүлмөлүү көп тармактар эки ж-а көп чекиттүү зым кермелерди да камтышы мүмкүн. Жылдызча тармак конфигурациясында терминалдардан кир­гизилген берилиштердин бардыгы көп учурда борбордук компьютерде сакталат. Авиабилет сатуу тармагы ушуга мисал болот.