ЖЫЛДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫРУУ – геометриялык өзгөртүүнүн бир түрү; те­гиздикти (евклид мейкиндигин) каалагандай эки чекитинин арасындагы аралык сакталгандай геометроиялык өзгөртүү. Жылдырууда тегиздиктеги (мейкиндик­теги) F фигурасы ошол эле тегиздиктеги (мей­киндиктеги) F’ фигурасына өзгөртүлөт (F=F’). Геометриядагы жылдыруу түшүнүгү механикалык кыймыл түшү­нүгүнөн айырмаланат. Механикалык кыймыл – убакыт­ка көз каранды болгон үзгүлтүксүз процесс, ал эми геометриялык жылдырууда фигуранын баштапкы ж-а акыр­кы абалындагы процесс каралат. Тегиздиктеги окко карата симметрия, параллель которуу, че­киттин айланасында буруу, борбордук симметрия жылдыруу болот, анткени бул геом. өзгөртүүлөрдүн ар биринде эки чекиттин аралыгы өзгөрбөйт. Жылдыруу те­гиздиктин багытын өзгөртпөсө 1-түрдөгү жылдыруу (па­раллель которуу, буруу ж-а борбордук симметрия), ал эми багытын карама-каршыга өзгөртсө 2-түр­дөгү жылдыруу (окко карата симметрия) деп аталат. Эки жылдыруунун композициясы (көбөйтүндүсү, удаа­лаш аткарылышы) кайрадан жылдыруу болот. Жылдыруулар­дын композициясы ассоциация законуна баш ийет. Берилген жылдырууга тескери жылдырууну дайыма та­бууга болот. Ар кандай кесинди өзүнө өзү бара­бар, башкача айтканда өзүнө өзү өзгөртүлөт деп эсептелет. Бул учурда теңдеш жылдыруу алынат. Демек жылдыруулардын көптүгү группаны түзөт.
Ад: Яглом И. М. Геометрические преобразования. Т. 1–2. М., 1955–56; Моденов П. С., Пархоменко А. С. Геометрические преобразования. М., 1961; Айыл­чиев А. Геометриялык өзгөртүүлөр. Ф., 1975.