ЖЫЛКЫ ПОРОДАЛАРЫ
ЖЫЛКЫ ПОРОДАЛАРЫ – табигый ж-а жасалма тандоонун негизинде жылкынын тукуму жакшыртылган түрү. Азыркы кезде дүйнөдө жылкынын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50гө жакын) породасы белгилүү. Жылкы породаларынын жалпы кабыл алынган бирдиктүү классификация-




сы жок, жалпысынан үч топко бөлүнөт. 1) атайын түзүлгөн шартта, жогорку деңгээлдеги селекциялык иштердин негизинде чыгарылып, өтө иштемчилдиги м-н айырмаланган зоот жылкы породалары. . Алар иштемчилдигине жараша төрт типке бөлүнөт: оор жүкчүл жылкылар, минги, минги жүк артылуучулар, арабага чегилүүчүлөр (орус, владимир, советтик оор жүкчүл жылкылар, арденна, першерон, суффолк, шайыр, бельгия оор жүкчүл жылкылары ж. б.); чегилме жылкылар (америка, орус, орлов таскакчылары; тори, финн ж. б.); минги-чегилме жылкылар (венгр, морган жылкылары); минги жылкылар (таза кандуу минги жылкы, будённый, тракен, терек жылкылары); 2) табигый экол. чөйрөгө жакындаштырылган шартта чыгарылып, иштемчилдиги м-н айырмаланган зоот жылкы породалары иштемчилдиги боюнча белгилүү өлчөмдө бирдей (минги, минги-чегилме), бирок биологиялык сапаттары боюнча айырмалангандыктан, зоналык топторго бөлүнөт: талаа жылкылары (дон, костонай жылкылары ж. б.), тоолук жылкылар (Кавказ, Орто Азиядагы жылкы породалары), түштүк чөл ж-а оазис жылкылары (ахалтеке жылкысы, араб, кабарда, йомуд жылкылары). 3) Табигый экологиялык чөйрөгө жакындаштырылган шартта табигый ж-а жасалма тандоонун негизинде калыптанган жергиликтүү жылкы породалары. Булар – жерг. шартка жакшы көнүккөн күч унаа ж-а күч унаа-эт-сүт багытындагы породалар. Алар жер (зона) шартына жараша бөлүнөт: түндүк токойлуу жер жылкылары (вятка, печора, мезень, якут жылкылары); талаа жылкылары (моңгол, забайкалье, казак жылкылары); тоолук жылкылар (локай, кыргыз, алтай, тува, азербайжан жылкылары) ж. б.