ЖЫЛКЫ ТЕКЕЙ
ЖЫЛКЫ ТЕКЕЙ (Tragopogon) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки же көп жылдык чөп. Тамыры тик ылдый өсөт. Жалбырагы тасмадай же ичке, сүйрү, жээктери тегиз же чала оюктуу. Гүлү сары, кызгылт же күлгүн кызыл. Евразияда ж-а Түндүк Африкада 100–150 түрү өсөт. Жер Ортолук деңизде өсүүчү жылкыц т.екей жашылча катары желет. Кыргызстанда 13 түрү, бөксө тоолордо, шалбаада, боздоңдо кездешет. Баалуу тоют, балдуу өсүмдүк. Анын айрым түрү тамак-ашка пайдаланылат.