ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ – мал чарба тар­магы. Жылкы чарбасында жылкынын негизги 3 тиби (минги, чегилме, оор жүкчүл) пай­даланылат. Жылкы чарбасы калкты эт, сүт, тери ж-а унаа м-н камсыз кылуучу маа­нилүү тармак болуп саналат. Жылкы породалары айрыкча 18–19-кылымда көп чыгарылган. Азыр б и р к а т а р өлкөлөрдө жылкы айыл чарба жумуштары­на ж-а күч унаа катары али да кеңи­ри пайдаланылат. Ат спортун ж-а ту­ризмди өнүктүрүүдө мыкты жылкы породаларын көбөйтүү айрыкча мааниге ээ. Асыл тукумдаштыруу ишин пландуу жүргүзүүнүн на­тыйжасында күлүк (учкаяк), чыдамкай, күчтүү, сымбаттуу жылкылар көбөйүп, ат спортунун классикалык түрлөрү боюнча эл аралык, олимпия­лык оюндарда жакшы натыйжалар жаралуу­да. Бээнин сүтүнөн дарылык касиети бар кы­мыз ачытылат. КРде айыл чаврбаны реформалоонун ж-а базар экономикасынын шарттарына ыла­йык жылкы чарбасы жеке менчик дыйкан чарбаларында өнүгүүдө. Кыргызстанда бардыгы 347 миңден ашык жылкы бар. Анын 14%и асыл тукумдуу болуп эсептелет. Өлкөдө жылкынын таза кандуу мин­ги, минги-чегилме, жаңы кыргыз жылкысы, дон, орлов ж-а орус таскакчыл породалары өстүрүлөт. Породалык багытында кыргыз жаңы жылкы­лары 92%ти түзөт. Кыргыз жаңы жылкысы Кыргызстандагы жергиликтүү кыргыз жылкысы м-н дон ж-а талаа асыл тукум минги жылкысын аргын­даштыруудан чыгарылган. Жылкы тукумун өркүндөтүү ж-а жакшыртуу боюнча республикада 34 чарба иштейт (2007). Алар – Нарын, Талас, Ысык- Көл ж-а Ноокат мамлекеттик асыл тукум заводдору, ип­подромдор, кооперативдер, жеке менчик асыл ту­кум чарбалары ж-а асыл тукум фермалар. Асыл тукумдаштыруу иши Кыргызстандын кескин кон­тинеттик климатына ж-а бийик тоо шартында пайдалануу үчүн турпаты келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Өлкөбүздө асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Өкмөтү 2003-ж. атайын токтом м-н «Кыргыз Рес­публикасында 2010-жылга чейин жылкы чарба­сын өнүктүрүү программасын» кабыл алып, асыл тукум жылкы заводдоруна колдоо көрсөтүлүүдө. КРде жылкы сарбасы боюнча илимий иштер А. Дүйшеев атындагы . Кыргызстан мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИде ж-а К. И. Скрябин атындагы . КАУнун жеке зоотехния кафедрасында жүргүзүлөт.