ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР
ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР (Motacilla) – таранчылар түркүмүнүн бир уруусу. Салмагы 20–25 г. Түсү агыш, көгүш, сары, бозомтук ж-а кара. Тумшугу ичке, учтуу, куйругу узун. Европа, Азия, Африка ж-а Түндүк Америкада таралган.

Түндүк жакты мекендегендери – келгин куш. Сууга жакын, ачык жерде жашайт. Уясын жерге салат, кээде жылына 2 жолу уялап, 4–6 жумуртка тууйт. Жылкычы чымчык курт-кумурска ж-а алардын куурчакчалары, жөргөмүштөр, майда рак сымалдар м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кыргызстанда 4 түрү бар.