ЖЫЛТЫРКАН
ЖЫЛТЫРКАН (Kochia) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун уруусу. Бир жылдык чөп ж-а бадалча. Бийиктиги 0,1–2 м, сабагы боз түктүү. Тамыры жоон, өзөк тамыры жыгачтанган, бозомук күрөң кабык м-н капталган. Мөмөлүү сабактары көп жалбырактуу. Жалбырагы тасмадай. Гүлү майда. Топ гүлү – машак же чачы сымал. Жалбырак колтугуна чогулган. Жылтыпкандын Австралия, Европа, Азия ж-а Африкада 90го жакын түрү таралган. Кыргызстанда 4 түрү, боздоңдо, шор топурактуу жерлерде өсөт. Алардан көп таралганы төшөлмө жылтыркан. Ал отун ж-а малга тоют катары пайдаланылат.
