ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР , п е р в е р е ­ц и я л а р – жыныстык каалоонун багытталы­шынын аны канааттандыруу жолдорунун оору­луу бузулушу. Мында жыныстык кумарлануу ылайык келбеген объектиге багытталат: эркек­тердин эркектерге (гомосексуалдуулук), аялдар­дын аялдарга (лесбий сүйүүсү), жаш балдарга (педофилия), жакын туугандарына (инцестофи­лия), жаныбарларга (зоофилия), өлүктөргө (некрофилия). Жыныстык бузулуулар кээде ошол адамдын жы­ныстык козголуусун пайда кылуучу буюмдарга кызыгуу (фетишизм) түрүндө байкалат. Мисалы, бөлөк жыныстагы кишинин кийимин кийүү (трансвестизм), башка жыныстагы кишинин ал­дында жылаңачтануу, ошондой эле эркектердин аял­дын чачына, бет аарчысына, бут кийимине ж. б. кызыгуусу. Жыныстык канааттануу өнөгүнө ка­туу, орой мамиле жасоо (садизм) же денесин оорутуу, ындынын өчүрүү м-н да өтөт. Айрым окумуштуулар гомосексуалдуулукту, транс­вестизмди тубаса оору деп эсептешет. Жыныстык бузулуулуардын пайда болушуна кээ бир нерв ж-а психикалык оорулар (мисалы, энцефалит, мээнин жабыркашы, шизофрения), эндокриндик ж. б. бузулуулар се­беп болушу мүмкүн. Дарылоо аны пайда кыл­ган себебине карата жүргүзүлөт. Психотерапия, гормон дарылары, нейролептиктер колдонулат. Алдын алууда жыныстык тарбияны туура жүр­гүзүүнүн мааниси чоң.