ЖИУ-ЖИЦУ
ЖИУ-ЖИЦУ – өзүн коргоо ж-а куралсыз кол салуу боюнча япон системасы. Анын ыкмаларынын негизи адамдын денесинин коргоосуз калган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк ж. б.) сокку уруу. Жиу-жицунун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, колдун ж-а буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар м-н көтөрүп чабуу ж-а тушоо болуп саналат. Жиу-жицу куралсыз коргонуунун элдик ыкмалары катары Японияда байыртадан эле белгилүү. 13–14-кылымдарда түптөлүп, 14–19-кылымдарда самурайлардын физикалык ж-а согуштук даярдыгынын системасы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-кылымдын аягында жиу-жицунун мыкты мектептерин тандоонун ж-а ыкмаларына жаңылоо киргизүүнүн негизинде япондордун дзюдо, 20-кылымда каратэ ж-а айкидо сыяктуу өз алдынча улуттук спорт түрлөрү пайда болгон.