ЖОБО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОБО – мамлекеттик органдар системасынын (мисалы, КРдин министрликтери жөнүндө жалпы жобо) же мамлекеттик бир органдын (мисалы, мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобо) түзүлүшүн, милдетин, компетенциясын аныктоочу, ошондой эле уюмдардын (спорт ж. б.) иш-аракеттеринин максатын, тар­тибин ж-а белгилүү бир маселе боюнча (мисалы, ачы­лыштар, ойлоп чыгаруулар ж-а рационализа­тордук сунуштар жөнүндө жобо) уюштуруучулук, мүлктүк, эмгектик мамилелердин жыйындысын жөнгө салуучу жыйынтыктуу, кодекстештирил­ген мүнөздөгү нормативдик акт.