ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ
ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ (преобразователь частоты) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – электр чыңалуусунун (тогунун) жыштыгын өзгөртүүчү түзүлүш. Электр кыймыл бергичтеринин ж-а магниттик күчөткүчтөрүнүн жөнгө салуучу системаларында, эки же андан көп ар кандай жыштыктагы өзгөрүлмө токтун системасын тууралоо үчүн колдонулат. Жыштык өзгөрткүч статикалык, электр машиналык, айкалыштырылган түрдө жасалат ж-а электр-магниттик, вентилдик болуп ажыратылат. Вентилдик жыштык өзгөрткүч кеңири таралган ж-а вентиль катары транзисторлор м-н тиристорлор колдонулат. Транзистордук негизинен радиотехникада, тиристордук өзгөрүлмө токтун өнөр жайлык кубаттуу электр кыймыл бергичтеринде, жыштыкты ж-а чыңалууну акырындап жөнгө салууда колдонулат. 2) р а д и о т е х н и к а д а – башка толкундардын таасири м-н радио сигналдардын келишин өзгөртүүчү электрондук түзүлүш, супергетеродиндүү радио кабылдооч түйүнү. Ал аралаштыргычтан ж-а гетеродинден турат. Мында жогорку жыштыктуу термелүүдөн орто аралык термелүүлөр (негизинен өтө төмөн) түзүлөт.