ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ
ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ – дан уруктуулар тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 100–130 см,жалбырактары ичке, 30–45 см узундукта келип, сабагынын түп жагына жайгашкан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр м-н капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кыргзстан аймагында кездешпейт. Негизги таралган аймагы – Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу талааларынын дөңсөөлөрү. Республикада чөп аралашмасына кошуу ж-а жайыт үчүн колдонуу максатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы республиканын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайдалануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кайрак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектарынан 300–350 цди түзүп, 20–25% протеин кармайт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу аймакта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 ц түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айынын ортосуна туура келет.
Ад.: Токтогожоев Ш. Т. Кыргызстандын тоют өсүмдүктөрү. Ф., 1991.