ЖҮЗҮМДӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:55, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗҮМДӨР (Vitaceaе) – эки үлүштүүлөр клас­сындагы өсүмдүк тукуму. Көбүнчө сөңгөктүү ж-а жармашып өсүүчү бадал. Негизинен мелүүн ж-а жылуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска. Жалбырактары жөнөкөй же татаал, түрдүү формада, сабакта кезектешип же туташ жайгашкан. Гүлү майда, туура түзү­лүштүү, 4–5 мүчөлүү, бир же эки жыныстуу, бир же эки үйлүү. Мөмөсү ширелүү же кургак же­миш. Кайчылаш (анемофилия, энтомофилия) же өзүн-өзү чаңдаштырат (клейстогалия да кезде­шет). Жер жүзүндө 700дөй түрү белгилүү. Жүзүмдүн Cissus уруусунун 350 түрү субтропик ж-а тро­пик кеңдигиндеги токойдо, өзөндүү жерде, тоонун күнгөй бетинде өсөт. КМШ өлкөлөрүн­дө 3 уруусунун 15 түрү тараган. Кыргызстанда жүзүмдүн 3 түрү кезигет. Алардан узун акмат жүзүмү Кырызстандын Кызыл китебине катталган. Көбү кооз­дук үчүн ж-а жашыл тосмо катары өстүрүлөт.