ЖӨНӨКӨЙ ТҮЗҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 18 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨНӨКӨЙ ТҮЗҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР, т а л л о м д у у ө с ү м д ү к т ө р (Thallophyta) – денеси жалбыракка, сабакка ж-а тамырга бө­лүнбөгөн, түтүктүү тканы жок өсүмдүктөрдүн чоң тобу. Алардын денеси т а л л о м деп аталып, бир же көп клеткадан турат. Колония болуп өскөндөрү да бар. Бир клеткадан турган микро­скоптук түрлөрү, ошондой эле дене узундугу 100 мден аш­кандары (күрөң балырлар) да учурайт. Көп­чүлүк өкүлдөрүн биосферанын бардык бөлүк­төрүнөн жолуктурууга болот. Алар – автотроф­тор, сапрофиттер ж-а мителер. Буларга бакте­риялар, миксомицеттер, балырлар, козу карын­дар кирет.