ЖӨНӨКӨЙЛӨР
ЖӨНӨКӨЙЛӨР (Рrotozoa) – бир клеткалуу жаныбарлар тиби. Жөнөкөйлөрдүн клеткасы бир бүтүн организмдин кызматын аткарат. Көпчүлүк жөнөкөйлөр өтө кичине болгондуктан, микроскоп м-н гана көрүүгө болот. Дене түзүлүшү тоголок, нур сымал симметриялуу (радиоляриялар), эки жактуу симметриялуу (инфузориялар), айрымдары симметриясыз ж-а формасыз (амёба) болот. Жөнөкөйлөр убактылуу пайда болуучу жалган буттар (амёба), шапалакчалар (шапалактуулар), көп сандаган кирпикченин (инфузориялар) жардамы м-н кыймылдайт. Денеси цитоплазмадан ж-а бир же бир нече ядродон турат. Цитоплазмасында бардык клеткалардагыдай органоиддер болуп, алар өзүнө тиешелүү кызмат аткарат, андан тышкары атайын кызмат аткаруучу органоиддер да кездешет, мисалы, жалган буттар, шапалактар, кирпикчелер. Цитоплазма мембрана м-н курчалган, ал эктоплазма ж-а эндоплазмадан турат. Жөнөкөйлөр өз алдынча азыктанууга, жылып жүрүүгө, душманынан коргонууга жөндөмдүү. Чөйрөнүн ыңгайсыз шартына туш келгенде, сыртынан чел м-н капталып, цистаны (кыймылсыз, азыктанууга, көбөйүүгө жөндөмсүз абалды) пайда кылат. Жөнөкөйлөрдүн азыктануусу фагоцитоз, пиноцитоз, диффузия же осмос басымынын негизинде жүрөт. Буларда азыкта-

нуунун автотрофтуу ж-а гетеротрофтуу эки түрү белгилүү. Көбөйүүсү жыныссыз (митоз жолу м-н бөлүнүү) ж-а жыныстык (коньюгация, копуляция) жол м-н жүрөт. Керексиз заттар жыйрылткыч вакуолдор аркылуу сыртка бөлүнөт. Жөнөкөйлөрдүн 7 тиби (саркомастигафорлор, микроспоридиялар, инфузориялар ж. б.), 40 миңдей түрү белгилүү. Жөнөкөйлөр биздин планетада кеңири таралып, бардык чөйрөдө здешет. Алардын көпчүлүгү башка денеде жашоого ыңгайланып, 3 миңге жакын түрү – адам м-н жаныбар мителери. Ж-гө жалган буттуулар, инфузориялар, шапалактуулар, споралуулар класстары кирет. Кээ бири киши, мал, өсүмдүк ж-а жапайы аң айбанаттарынын мителери, ошондой эле оору козгогучтар. Жөнөкөйлөрдүн кээ бир түрү (амёба, инфузория) генетикалык, биохимиялык, биофизикалык изилдөөлөрдө пайдаланылат. Жөнөкөйлөрдү изилдөөчү илим – протозоология.