ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ МАТЕМА́ТИКА – техникалык ж-а айрым ата­йын окуу жайлардын окуу планына кирген ма­тематикалык сабактардын жыйындысы. Жогорку математиканын жал­пы курсуна аналитикалык геометрия, сызыктуу алгебра, математикалык анализ, эсептөө математикасы­нын негиздери, ыктымалдык теориясы, математикалык статистика, дифференциал теңдемелер теориясы кирет. Техникалык прогресстен улам бул курс математи­канын башка тармактары м-н да кеңейүүдө.