ЖОЙСТИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 18 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́ЙСТИК – компьютер оюндарында баскыч топтун (клавиатуранын) же «чычкандын» орду­на командалык түзүлмө сыяктуу колдонулуучу атайын тутка. Үстөлгө же тегиз жерге орноту­лат да, кыймылдуу туткасын оңго-солго, асты­га ж-а артка жантайтуу аркылуу курсор баш­карылат. Баскычтарды басуу м-н программалык жабдыктарга жараша айрым аракеттер актив­дештирилет. Жойстик көбүнчө оюнга арналган про­граммаларда колдонулат.