ЖОЛ ТАПКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 21 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТАПКЫЧ к о м п ь ю т е р д е – бир нече тармак бири-бирине бириктирилгенде колдо­нулуучу түзүлмө. Анын милдети – кабарды да­рек ээсине тиешелүү тармак м-н жиберүү. Тар­мак кардарына кабарды жиберүүдө жол тапкыч аркы­луу өткөн маалыматтар чыпкаланып, тармак­ка даректелген гана берилиштерди багыттайт. Тармактын айрым бөлүгү иштен чыгып калса, жол тапкыч же багыттагыч кыска убакыт ичинде аль­тернатива жолду аныктайт.