ЖОЛБУН КӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 21 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛБУН КӨЛ – жайык түздүктөрдө жайга­шып, жылдан жылга орду, өлчөмү ж-а туздуу­лугу өзгөрүп туруучу туюк көл. Мындай көл­дөрдүн болушунун негизги себептери: суусу мол ж-а аз жылдарда же мезгилдерде келген суулар­дын өтө өзгөрмөлүүлүгү; көлгө куйган суулар­дын шиленди тектерди көп агызып келүүсү. Жолбун көлдөр материктердин кургакчыл ички аймак­тарында кездешет, мисалы, Кытайдагы Лобнор көлү ага айкын далил.